Коом

Аба ырайы: абанын температурасы кескин төмөндөйт image

20 Нояб, 2019 186

Транспорт жана жолдор министрлиги ашуулардан өтө турган айдоочуларга аба ырайын эске алууну сунуштайт. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчымадан өтө турган унаалар да кышкы дөңгөлөктөр жана керектүү жабдыктар болушу керек. 

Кыргызгидрометтин маалыматында , 20- 21-24-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 

21-27-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.  

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз