Коом

Жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө чынжырчаларды тагуу милдеттендирилди image

20 Нояб, 2019 168

Тиешелүү буйрукту Транспорт жана жолдор министрлиги чыгарды. Ага ылайык, кар жааган учурда чиркегичи бар жүк ташуучу автомобилдердин дөңгөлөктөрүндө чынжыры жок жүрүүгө тыюу салынат. 

Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө «Ош-Сарыташ-Эркечтам», «Жалал-Абад – Балыкчы», «Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт», «Бишкек-Ош» жолдорунун башкармалыктарына, жүктү жана көлөмдү көзөмөлдөө агенттигине тапшырылды. 

Ошондой эле көчкү түшүү коркунучу бар аймактарга алдын ала эскертүүчү белгилерди коюу милдеттендирилди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз