Коррупция

Улан Чалбаев 5 жылга эркинен ажыратылды image

20 Нояб, 2019 380

200 миң АКШ долларын пара катары алып жатканда кармалган Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 5 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 19-ноябрь күнү Биринчи Май райондук соту чыгарды. 

Эске салсак, 2018-жылдын 16-апрелинде Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКдан кабарлашкан. Ал «Ага Хан» фондунун Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковдон сатып алган жер тилкесин камактан чыгарууга байланышкан кылмыш ишин токтотуу үчүн пара катары берилген каражат болгону айтылат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз