Маданият

Кыргызстанда тартылган тасманын каарманына сыйлык тапшырылат image

16 Май, 2016 769

Кыргызстанда тартылган тасманын каарманына бүгүн Нью-Йоркто сыйлык тапшырылат.Нургазы Жакшылыкбек уулун “Азаттык” радиосунун кабарчысы, тасманын автору Уланбек Эгизбаев жана “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов АКШга коштоп барышкан. Миңдеген тасмалардын арасынан тандалып алынган “Нургазынын кыялы” добуш берүүдө да жеңишке ээ болгон. Интернет оскары катары саналган WebbyAwards сыйлыгын тапшыруу аземине АКШнын теле, кино жылдыздары катышаары күтүлүүдө. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз