Таратылган насыянын көлөмү 2 млрд 314 миллион сомдон ашты image

16 Май, 2016 280

Кыргыз өкмөтү тарабынан айыл чарба тармагына берилип жаткан жеңилдетилген насыяны бүгүнкү күнгө чейин 7000 дыйкан-фермерлер алышты. Таратылган насыянын жалпы көлөмү 2 млрд 314 миллион сомдон ашты. Буга кошумча Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан да үстөгү төмөн насыялар берилүүдө.

Былтыркы 2015-жылы өлкө аймагындагы 9000 дыйкан-фермерлер өкмөттүн жеңилдетилген насыяларын алышкан. Жалпы берилген насыянын суммасы 3 млрд 801 млн сомго жеткен. Быйыл төрт айдын аралыгында 7000 дыйкан-фермерлер жеңилдетилген насыя алышты. Учурда насыя алуу иши уланып жатканын банк адистери белгилешет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз