Коргонуу жана коопсуздук

Кыргыз-өзбек чек арасында болгон чыр-чатактын чоо-жайы иликтенүүдө image

11 Янв, 2016 1666

Үстүбүздөгү жылдын 9-январында кыргыз-өзбек чек арасында болгон чыр-чатактын чоо-жайы иликтенүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чекара кызматы билдирди. Окуя, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Көпүрө аймагында болуп, өзбек чек арачылары менен кыргыз жарандарынын ортосунда чыккан чырдан улам кыргыз жараны жарадар болгон. Аксы районунун 32 жаштагы тургуну учурда ооруканада, абалы канаатандырарлык. Өлкө чек арасындагы коопсуздук, чек араны тактоо боюнча делимитация жана демаркация маселелери кайрадан көтөрүлдү.

Окуя, Аксы районундагы Сары-Көпүрө аймагындагы, кыргыз –өзбек чекарасынын такталбаган аймагында болуп, суу түтүктөрүн оңдоо үчүн барган Кыргызстандын жарандары менен өзбек чек арачылары ортосунда чыр чыккан. Аны кесепетинен, өзбек чек арачылары курал колдонуп, кыргызстандык жаран бутуна ок жеген. Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат менен камсыздоо башкармалыгын кызматкери Сажира Чоколоеванын айтымында, окуя болгон жерден Өзбекстандын Наманган облусундагы Уйчун районундагы борбордук ооруканага жеткирилген Аксы районунун 32 жаштагы тургуну, учурда Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Ал эми Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз  кызматынын адиси Мыктыбек Турдубековдун айтымында, окуяда катыштыгы бар кыргыз жарандары ал аймакта кой кайтарып жүргөн. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, учурда кылмыш иши козголду.

Учурда Жалал-Абад облусу боюнча чек ара кызматынын жана Өзбекстандын Янги-Курган багытындагы чек ара аймагынын өкүлдөрү жолугуу өткөрүп, чатакты иликтөө боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүдө – деп кошумчалады Мыктыбек Турдубеков.

Кыргыз Өкмөтүнүн чек араны тактоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай  Искандаровдун берген маалыматында, учурда тажик  тарап менен 12 гектар жерди алмашуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 18-20 январында Кыргызстан менен Тажикистандын ортосунда сүйлөшүүлөр болот. Бирок кыргыз-өзбек чек араларын тактоо  иши учурда кечеңдеп жатат.

Эң биринчи жергиликтүү элге, такталбаган чек ара тилекелеринде турмуш-тиричилик иштерин кылбоо керектигин түшүндүрүү керек. Мындай пикирин талдоочу Токон Мамытов билдирет. Андан сырткары кандай жол менен болсо да бийлик, коңшу мамлекеттердин башчылары менен жолугушууларды өткөрүп, чек ара маселесин тактоосу зарыл. Болбосо жөнөкөй жарандар жабыр тартып, эки элдин мамилеси бузулуп жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын  чек арасынын жалпы узундугу-4503 чакырым. Ал эми Өзбекстан мамлекети менен чектешкен аймак 1,378 чакырымды түзсө,  анын    320 чакырымы тактала элек. Маалыматка ылайык, 2014 –жылы мамлекеттик чек ара тилкелеринде 40 чыр-чатак катталса, 2015-жылы ал  эки эсеге аз болгон.  

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз