Кырсык

Египетте Казакстан элчилигинин кызматкери каза болду image

18 Дек, 2019 1176

Каирде Казакстандын Египеттеги элчилигинин кызматкери Еламан Жолдасов каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлашты.

Маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ырастады.

— Учурда Египет прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Буга байланыштуу тергөөнүн жыйынтыгы боюнча расмий версия жарыяланганга чейин окуя тууралуу түрдүү жоромолдорду айтпай турууга чакырабыз. ТИМдин өкүлү тергөө иштерине катышуу үчүн Египетке жөнөтүлдү, — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Tengrinews.kz сайты Елеман Жолдасовдун карындашына шилтеме кылып, дипломаттын сөөгү 13-декабрда үйүнүн кире беришинде табылганын кабарлады.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз