Экономика

Эгемендүүлүккө жеткен жылдары КР экономикасынын урашына эмне себеп болгон? image

18 Май, 2016 2180

Өлкө эгемендүүлүккө жеткен жылдары Кыргызстандын дароо “базар экономикасына” өтүүсү улуттук экономиканын урашына алып келген. Бул тууралуу Эл аралык Ата-Түрк “Ала-Тоо“ университетинде “1991-2010-жылдардагы Кыргызстандын экономикалык саясаты” аттуу китептин ачылыш-аземинде айтылды. Китепте ошол кездеги президент Аскар Акаев башында турган бийликтин Дүйнөлүк банк жана эл аралык финансы институттары менен биргеликте жүргүзгөн экономикалык саясатына баа берилип, анализ жүргүзүлгөн.

“1991-2010-жылдардагы Кыргызстандын экономикалык саясаты” аттуу китепте эгемендүүлүк алган жылдардагы өлкөнүн “базар экономикасына” өтүүдөгү негизги кемчиликтер, менчиктештирүүнүн терс жыйынтыктары, завод-фабрикалардын жабылып, жумушсуздуктун күч алышы, ички- тышкы миграция жана өлкөнүн карызга батуу себептерине иликтөө жүргүзүлгөн. Китептин автору, Эл аралык Ата-Түрк “Ала-Тоо“ университетинин “дүйнөлүк экономика” кафедарсынын доценти, Бахтияр Игамбердиевдин айтымында, 90-жылдарда Акаев башына турган бийлик жана анын командасы өнүгүү нугун базар экономикасынын жолуна кое албагандыгы кечирилгис ката болгон.

2000-жылдарда экономиканы бутка тургузуунун ордуна бийлик башындагылар эл аралык каржы институттарынан карыз алууга өткөн. 2010-жылга чейинки тышкы карыз 2,6 млрд доллардан ашкан. Андан көп өтпөй дүйнөнүн эң жарды өлкөлөрүнө багытталган HIPC- программасына кирүү сунушталган. Калктын жарымынан көбү Кытайтоварларды соодалоого өтүп, экономикада реэкспортгүлдөгөн доор келген. Жумушсуздук күч алып, жарандардын чет өлкөлөргө агылуусу күчөгөн.

Экономист Бахтияр Игамбердиев 2010-жылдарга чейинки кетирген кемчиликтерден азыр сабак алуубуз керек дейт. Ал жылдары чек аралар ачык болуп, эркин соода да башталган. Бирок Кыргызстандын өнүдүрүшү чет элдик өнүрүүчүлөрдүн атаандашытыгына даяр эмес эле.

Өлкөнүн экономикалык саясаты 3 этапка бөлүнөт. Алгачкы этап 1998 жылга чейин болсо, кийинки этап 99-жылдан 2005- жылга чейин. Ал эми үчүнчү этап 2005-жылдын 2010 жылга чейинки өлкөдөгү саясий курч абалга туш келген. Экономика илимдеринин кандидаты Назира Эсеналиеванын белгилөөсүндө, 2010-жылга чейинки өлкө экономикасы бир адамга байланган. Ал эми азыркы мезгил экономиканы өнүктүрүүгө жакшы шарт түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2011-жылдын январь–март айларында ички дүӊ азык 46млрд.сомго жеткен. «Кумтѳр» ишканасын эске албаганда ички дүӊ азык 2011-жылы 1,8 пайызга ѳскѳн. Ал эми Ички дүң продукциясынын көлөмү 2015-жылдын январь-ноябрында алдын ала баа берүүлөр боюнча 373 млрд. сомдон ашык сумманы түзсө, өсүшү 3,6%ды түзгөн. Экономикалык ѳсүүдѳгү жетишкендиктердин негизги секторлоруөнөр жай, айыл чарбасы, курулуш жана соодатармактары менен камсыз кылынган.

С. Идирисов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз