Коом

Каракол аба майданы оңдоо иштерине муктаж image

20 Дек, 2019 552

"Манас" Эл Аралык аэропортуна караштуу Каракол аба майданында 40 жыл мурун курулган асфальттар эскилиги жетти. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттиги текшерүү мезгилинде техникалык талаптар жооп бербей калганын айтып, 2018-жылдын 1-августунан баштап аэропортко чартердик каттамдын конуусуна чек койду. 

Буга карата жумушчу орундун саны кыскарып, учурда 6 кызматкер 148 гектарды ээлеген аймакты кайтарууда. Алдыда реконструкциялоо үчүн инвестиция тартуу аракети бар экенин белгилейт. 

Гүлжамал Асанкадырова, "Биринч радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз