Укук коргоо

Өлкөдө 2025-жылдан баштап сот арачылар иштеп баштайт image

20 Дек, 2019 1075

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Сот арачылар сотун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда маалымдалды.

Демилгечилер «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» мыйзамды ишке киргизүү каражаттын жетишсиздигинен улам иштебей келе жаткандыгын белгилешип, аны 2025-жылдан тарта жүзөгө ашырууну сунушташты.

Талкуунун жүрүшүндө айрым эл өкүлдөрү сот реформасын ишке ашырууда өкмөттүн жасап жаткан иштеринде мүчүлүштүктөр бар экенин айтышса, кээ бир депутаттар учурдагы экономикалык абалды эске алуу менен сунушталган мыйзам долбоорун колдоо  зарылдыгын айтышты.

Сайпидин Султаналиев, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз