Коргонуу жана коопсуздук

Кыргыз-тажик чек ара аймагында абал туруктуу image

20 Дек, 2019 609

Мамлекеттик чек ара кызматы учурда кыргыз-тажик чек ара аймагында абал туруктуу экендигин билдирет. Алардын маалыматында, укук коргоо органдары коомдук тартипти көзөмөлдөп, чек ара аймагында нөөмөттө турушат. Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, такталбаган аймактарда курулуш иштерин токтотуу жана буга чейинки калыбына келтирүү чечими кабыл алынды.

Эске салсак, апта башынан бери Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында пикир келишпестиктер болуп келет. 18-декабрь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылында эки тараптуу сүйлөшүүлөр учурунда ок атылып, таш ыргытылып, Кыргызстандын алты жараны жаракат алган. Бул маселе бүгүн парламентте да көтөрүлдү. Эксперттик коомчулук чек араны делимитация жана деморкация боюнча комиссиянын ишин илгерилетүү менен гана чыр-чатакка чекит коюла тургандыгын белгилешет. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз