Саясат

Жээнбеков ЖЕЭКтин жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барды image Фото: www

20 Дек, 2019 640

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына барды.

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрүнөн сырткары КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт. Кыргызстандын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, 

Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз