Өзгөчө кырдаал

Нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Араван району 69 500 сом чыгым тартты image

18 Май, 2016 513

Нөшөрлүү  жамгырдын кесепетинен Араван районунун Мангыт айыл аймагындагы Түрк айылында материалдык чыгым болжол менен 69 500 сомду түздү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 16-майында катуу жааган жаандын кесепетинен адырлардан түшкөн сел 8 кожолуктун үлүш  жерин жабыркаткан. Ал эми  катталган катуу шамалдын чыгымы Кара-Кулжа районунда 43 000  сомду түзүүдө. 16-майда  аталган райондун аймагында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрге чейин жетип, бир катар социалдык обьекттердин чатырынан шиферлерди учуруп кеткен.  

 

 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз