Жети-Өгүз: мыйзамсыз токой кыюу көрүнүшү катталды image

18 Май, 2016 1276

Жети-Өгүз токой чарбасынын Кызыл-Суу, Жаргылчак токойчулуктарында  мыйзамсыз  токой кыюу көрүнүшү катталды. Жергиликтүү тургундун арызы боюнча  экологиялык жана техникалык  коопсуздук боюнча мамлекеттик  инспекциянын  өкүлдөрү тарабынан  текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Суу токойчулугунун №3, №6 токой бөлүмчөлөрүндө 67.17 метр куб көлөмдөгү, Тянь-Шань карагайлары мыйзамсыз кыйылып кеткендиги аныкталган. Жаратылышка  келтирген  зыяндын өлчөмү 401 498 сом түздү.

Пландан тышкары текшерүүдө Жети-Өгүз токой чарбасынын Кызыл-Суу, Жаргылчак токойчулуктарында мамлекетке 489590 сом өлчөмүндө зыян келтирилгендиги аныкталды. Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде  инспекторлор  тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, Кызыл-Суу токой бөлүмчөлөрүнүн токойчуларына административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлдү. Ал эми Жети-Өгүз токой чарбасынын жетекчисине аныкталган кемчиликтерди жоюу жана бузууларды калыбына келтирүү боюнча жазма буйрук берилди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз