Маданият

Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга дуушар болду image

23 Дек, 2019 1754

22-декабрга караган түнү, актёр, кинорежиссёр жана сценарист СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 3-2-даражадагы “Манас” жана “Ардак белгиси, “Элдердин достугу ордендеринин ээси Болотбек Шамшиев дүйнөдөн кайтты.

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда  Фрунзе шаарында туулган. Ал 1958-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин Фрунзедеги   автобазада слесарь, кыргыз киностудияда жумушчу болуп иштейт. 1959-жылы Бүткүл Союздук Кинематографисттер Мамлекеттик институтуна кирет. Чыгаан режиссёрдун чыгармачылыктагы жолу тууралуу “Биринчи радионун” “Инсанат” уктуруусуна айтып берген учуру бар.

Кезинде чыгармачылыктын бийиктигин багындырган чыгаан режиссер Болотбек Шамшиев кайра куруу мезгилинде саясатта да күчүн сынап, 1985-90- жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, ошондой эле 1990-94 –жылдары легендарлуу парламенттин депутаты болуп, Кыргызстандын көз карандысыздыгын жарыялаган декларацияны, Кыргызстандын Мамлекеттик символдорун кабыл алууга добуш берген. Анан мамлекеттик кызматтарга да көтөрүлүп, 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу туризм жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору, 1999-2002 –жылдары Кыргызстандын Бириккен Араб Эмиратындагы башкы консулу болгон.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз