Sports

Бүйүрдү кызыткан көк бөрү оюну image

18 Май, 2016 1285

Кыргыз эли байыркы мезгилдерден бери жашап келе жаткан улуттук оюндары менен сыймыктана алат. Өзгөчө калк арасында ат оюндары кеңири жайылган. Ушундай оюндардын эң улуусу болуп көк бөрү таймашы саналат. "Көчмөндөр оюндары" уктуруусунда дал ушул спорттун түрү тууралуу сөз кылабыз. 

Мейли чоң той,бешик той болсун же согуштагы жеңиш болсун, жада калса тарыхта жөн гана доор алмашканда да улак тартыш өткөрүлгөнү маалым. Айтор, көк бөрүнүн тарыхы кыргыз элинин тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Элибиз көз карандысыздыкка карай улуу жолдо улуттук маданиятын жоготпой сактап келгендей эле көк бөрүнү да унутушкан эмес. Албетте, көк бөрүгө тыюу салынып, анын жок болуп кетүү коркунучу алдында калган күндөр да болгон. Ал мезгил улуттук өз алдынчалык колдоого алынбаган совет мезгилине дал келген. 

Уктурууну аудио аркылуу уксаңыз болот. 

Уктуруунун жооптуу редактору Усубалы Мамбетов. Алып барган Бакыт Тапаев.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз