Коргонуу жана коопсуздук

Милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү image Фото: KTRK/videograp

30 Дек, 2019 562

Милиция Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу бүгүндөн тарта күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мындай тартип 1-январга чейин уланат. Максат - коомдук тартипти сактоо жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу. Жалпысынан республика боюнча 10 миң ички иштер кызматкери коомдук тартипти сактоо иштерине тартылат. Бишкекте 2 миң милиционер иштейт.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз