Экономика

Финансы тармагы жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыкталды image

8 Янв, 2020 466

2019-жыл финансы тармагында жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыкталды. Банк системасынын активдери 25 млрд сомго же 11 пайызга жогорулады.

Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алган учурда белгилүү болду.

2020-жылы «Социалдык ипотека» долбоорунун алкагында «Керемет Банк» 1 млрд 200 млн сомго насыяларды берүүнү пландаштырууда.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз