Илим жана билим

Кыргызстандын студенттери Бельгияда магистрдик бөлүмгө тапшыра алышат image Фото: KTRK/videograp

13 Янв, 2020 764

Кыргызстандын студенттери Бельгияда магистрдик бөлүмгө тапшыра алышат. Алсак, Белгиянын “Science@Leuven Scholarships” стипендиялык программасы чет элдик студенттер үчүн “Katholieke Universiteit Leuven” университетинин илимдер факултетинде магистратуралык программа иштеп чыкты. Анда чет жактан келген студенттер үчүн 10миң еврого чейинки өлчөмдө стипендия каралган. 

Ал стипендия бир жыл бою окуу акысын камтыйт, ошондой эле медициналык камсыздандыруу менен байланышкан чыгымдарды төлөп берет. Негизинен магистрдик окуу программасы эки жыл. Эгерде студент биринчи жылда окууну эң жакшы аяктаган болсо гана, экинчи жылга узартылат. Окууга тапшыруунун акыркы мөөнөтү ушул жылдын 15-февралына чейин.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз