Коом

Илбирсти аткандар кармалса жазаланат image

14 Янв, 2020 244

Жыл жаңыргандан бери өлкө аймагынан кармалган эки илбирсти жабыркаткандар кармала элек. Бүгүнкү күндө бул кылмыш иши   катары кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Браконьерлер кармалса бир жарым миллион сом айып тартат, - деп эскертишти маалымат жыйында табигат сакчылары. 

9-январда Талас облусундагы айылдардын биринде бактын башында кармалган илбирс башына атылган октон жарадар болгон. Бытыра көзүнө тийгендиктен учурда анын бир көзү соолуп, экинчи көзү жабыркаган. Ветеринарлар жырткычты операция кылган маалда  20дай октун чачырандысын алып чыккан. Дагы 50дөйү денеде калды. Азырынча экинчи операция тууралуу сөз боло элек, бирок жаныбарларды калыбына келтирүүчү борбордо дарылануудан өтүүдө. 

Жумгалдан алынып келинген илбирс картайып калган. Ал Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы жаныбарларды багуу жайында кыштай турган болду. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз