Ден соолук

Коронавируска чалдыккан бейтап сакайды image

28 Янв, 2020 1143

Шанхайда коронавируска чалдыккан бейтап сакайганы кабарланды. Бул туурасында кытайдын салматтыкты сактоо улуттук комиссиясынын шилтемесине таянып, Sina маалымат агенттиги жазып чыкты.   

Ошол эле учурда Кытайдын вирусттук очогу катталган Ухань шаарында 15 кыргызстандык бар экени, алардын арасында вируска чалдыккандар жок. Бул туурасында ТИМ билдирип, алар менен тез- тез маалымат алмашып жатканын кабарлады.

Учурда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда бул илдетке кабылган жарандар катталган учур жок. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги Өкмөттүк жыйында маалымдады.

Учурда өкмөт чек ара аймактарын көзөмөлдөөнү күчөтүп, Кытай менен чек араны жапты. Коңшу Казакстан "Харгос" соода түйүнүндөгү иш аракеттерди толугу менен убактылуу токтотту.

Учурда өлкөдө зарыл болгон маалыматтарга жооп берген ыкчам телефон ишке кирди.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз