Интернет жана технологиялар

Кыргызстанда телекөрсөтүүлөрдүн рейтингин аныктоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт image Фото: KTRK/videograp

30 Янв, 2020 315

Кыргызстанда санариптик телекөрүүчүлөрдүн санын аныктоо боюнча долбоор башталды. Анын алкагында каналдардын, телекөрсөтүүлөрдүн рейтинги аныкталат. Кыргызстанда телеконтенттин рейтингин аныктоо долбоорун "Nielsen" эл аралык бирикмеси ишке ашырат. Алар медиакоомчулуктун астында долбоордун бет ачаарын тартуулады. Медиа эксперттердин айтымында телеберүү тармагына жаңы системанын киргизилиши телеберүүлөрдүн сапатын жогорулатып, жарнама рыногунун эки эсе өсүшүн шарттайт.

"Пиплметр деген бул секунда сайын рейтингди аныктай турган тутум. Бул аркылуу ким кандай каналды, көрсөтүүнү көрүп жатканын так билсе болот. Бир четинен бул көрүүчүлөргө пайдалуу, ага эмне жагаары аныкталат. Экинчиден, телеберүүлөр кандай контент даярдашы керектигин пландай баштайт. Мындан тышкары жарнама айдыңы кеңейет. Буга чейин Кыргызстанда пиплметр жок эл аралык реклама берүүчүлөр келбей жаткан. Эми так рейтинг пайда болгондон кийин жарнама рыногу эки эсеге өсөт",- деди Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Элина Каркулова.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз