Кылмыш

Карапайым тургундарга кол салган киши атып өлтүрүлдү image

3 Фев, 2020 643

Лондондун түштүгүндө полиция карапайым тургундарга бычак менен кол салган кишини атып өлтүрдү. Британ полициясы бул окуянын террорчулукка байланышы болушу мүмкүн экенин билдирди.

Стретем аймагында жекшемби күнү түштөн кийин болгон окуядан үч киши жаракат алды, алардын биринин абалы оор.

Би-Би-Си кол салган киши январдын аягында түрмөдөн чыкканын кабарлады. Ал терроризм айыбы менен соттолгон.

Айрым маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү алгач дүкөнгө кирип, кишилерге бычак менен кол салган. Андан соң көчөгө чыгып, велосипед тээп бараткан аялга тап берген. Окуя болгон жерге келген полициячылар аны үч жолу атышкан, кылмышкер окуя болгон жерде мерт болгон.

Интернеттеги видео жана сүрөттөрдөн кол салуу болгон аймак курчоого алынганын, полициянын жана тез жардамдын автоунаалары топтолуп турганын көрүүгө болот.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз