Коррупция

Чүй облусунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы пара менен кармалды image

4 Фев, 2020 1579

Чүй облусунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы 350 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиргендей, шектүү кум-шагыл карьери боюнча ижара келишимин бузбоо үчүн ишкерден 400 миң сом талап кылган. 

Учурда анын баш коргоо чарасы каралып, №1 абакка киргизилди. Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы бул кызматка 2017-жылы келген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз