Коом

Педофилдер өлүм жазасына тартылабы? image

23 Май, 2016 1469

Кыргызстанда өспүрүмдөргө сексуалдык кордук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу сунушту көтөрүлүп, өткөн жуманын соңунда бул демилгени колдоого алган 11 миң кол Жогорку Кеңешке тапшырылды. Ал эми Акыйкатчы өз кезегинде Кыргызстанда өлүм жазасынан мараторий киргизилгенин айтып, педофилдерге жазаны күчөтүү менен күрөш жүргүзүү керектигин билдирди.

Кыргызстанда педофилдерди өлүм жазасына тартууга макулдугун билдирген, 11 миңден ашуун жарандын колун, Жогорку Кеңештин  "Өнүгүү - Прогресс" фракциясынын жыйынында, депутаттарга балдарды коргоого алган "Күчтүү үй-бүлө-күчтүү мамлекет" аттуу комитеттин төрагасы Жеңиш Молдокматов тапшырды. Жарандык коомдун мындай демилгеси коом тарабынан колдоо тапса, референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизилиши мүмкүн. Молдокматов колду топтоо былтыр май айында эле башталган дейт.

Ал эми акыйкатчы Кубат Оторбаев Кылмыш-жаза кодексинин 131-132- жана 133-беренесине ылайык айыпталгандар болгону 3 же 5 жылга чейин эркинен ажыратылып, мунапыс же башка жолдор менен кайрдан эле эркиндикке чыгып жатат. Андыктан педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу зарыл дейт. Ал эми Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүгө мараторий жарыяланган. 

Жарандык коомдун мындай демилгесин фракциянын депутаттары жалпысынан колдоого алды. Бирок айрымдары өлүм жазасы эмес, химиялык жол менен бычууну да кароо керек деген пикирлерин айтты. Жыйын соңунда балдарга жыныстык кордук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүү демилгесинде жарандык бирикмелер менен фракциянын бирге кызматташуусу тууралуу меморандумга кол коюлду.Аталган  фракциядан депутат Тазабек Икрамов,“өлүм жазасын” киргизүүгө каршы келген мараторийдин мөөнөтү бүткөн 2020-жылга чейин, тиешелүү мыйзам долбоорун даярдоо керек экендигин айтат.

Педофилдер башка мамлекеттерде кандай жазаланат? Бычуубу же өлүм жазасыбы? Маселен АКШда педофилия үчүн темир тор артына кетет. Эгер кылмышкер бул ишин кайталаса, ал химиялык жол менен бычылат. Ал эми Европанын бир катар өлкөлөрүндө бул кылмышы үчүн 10 жылга кесилсе, өнөкөтүн кайра кайталаган кылмышкерди өмүр бою абак күтөт. Коңшу Казакстанда мурда 10 жылга чейин кесилсе, жакында эле педофилдерди химиялык жол менен бычуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Ал эми айрым өлкөлөр аёсуз өлүм жазасына буюурат. Кытайда 10 жыл абактан башталып, аягы өлүм жазасы менен аяктаса, Түштүк Корея, Иран жана Кубада мыйзамда өлүм жазасы каралган. Йеменде педофилдерди эл алдында өлүм жазасына тартып, жазаласа, Нигерия жана Түштүк-Чыгыш Африка өлкөлөрүндө бузукулар сотко жетпей эле, элдин аесуз жазасынан көз жумат.

С. Идирисов, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз