Укук коргоо

Соттордун иши сайт аркылуу коомго жарыялана башташы мүмкүн image

23 Май, 2016 1811

Бишкекте бүгүн “Сот актыларынын жана сот жыйналыштары жөнүндө маалыматтардын калкка ачык-айкындуулугун, маалымдуулугун жана жеткиликтүүгүн камсыз кылууга көмөктөшкөн долбоордун жыйынтыгы боюнча тегерек стол өттү. Долбоор соттордун жасаган иштеринин ачыктыгын камсыздоону көздөйт. Серепчилер мунун коомчулукка пайдалуу экенин айтышууда.

Аталган долбоор Жогорку соттун көмөктөшүүсүндө, эл аралык уюмдардын каржылык колдоосу, “Коомдук талдоо жүргүзүү институту” менен “Укуктук үстөмдүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү фонду” тарабынан ишке ашырылууда. Анын алкагында коомчулуктун ушул маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында  www.sot.kg сайтына жайгаштырылган сот актыларын жана сот отурумдары тууралуу маалыматтарды жарыялоо процессине мониторинг жүргүзүлгөн.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун төрагасы Мидин Жолдошалиев чыгарылган соттук актыларды өз убагында сайт аркылуу коомчулукка берүүнү колго алуунун сунуштайт. Анткени соттук чечим чыгар замат маалымат каражаттарына чыгып калгып жатат. Ошондуктан маалыматты биринчи булактан алуу үчүн соттун өкүмдөрүн, чыгарылган чечимдерин баарын ачык жарыялоо демилгеленет, дейт Мидин Жолдошалиев.

Жарандык Кеңеш да бул демилгени колдойт. Өлкөдөгү сот реформасын көзөмөлдөө боюнча Жарандык Кенештин башчысы Рита Карасартова долбоор өлкөдөгү сот ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоого өбөлгө боло алат деген пикирин “Биринчи радиого” билдирди.

Сот чечимдерди өз убагында сайтка жарыялап турууда соттордун жана андагы тийиштүү кызматкерлердин даярдыгы болуусу кажет. Соттук реформа боюнча кенешчи, электрондук сот акыйкаттыгы боюнча эксперт Нурлан Дүйшеев бул багытта көмөк көрсөтүлүп жатканын айтат.

Аталган долбоор боюнча тегерек столдун соңунда резолюция кабыл алынды.

Бозулан Ысаков, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз