Ден соолук

Келечектеги дарыгерлердин кесипкөйлүгүн арттыруу багыттары талкууланды image Фото: KTRK/videograp

17 Фев, 2020 995

Медициналык окуу жайлар менен саламаттык сактоо мекемелеринин байланышы бекемделүүдө. Студенттердин медициналык жайларда тажрыйба топтоп, иш менен камсыз болуу көрсөткүчүнүн жогорулашы натыйжалуу социалдык өнөктөштүк катары белгиленди. Саламаттык сактоо мекемелеринин өкүлдөрү катышкан жыйында кызматташууну өркүндөтүү, келечектеги ак халатчан адистердин кесипкөйлүгүн арттыруунун жаңыча багыттарын кароо маселелери талкууланды.

“Социалдык өнөктөштөрүбүз окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн иш жүзүндө тажрыйба топтоосуна чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатышат. Жыйынтыктоочу жана мамлекеттик сынактар боюнча комиссияларга төрагалык кылышууда. Азыр Кыргызстанда медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн өлкөдөгү орто билимге ээ дарыгерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуунун жолдорун карап жатабыз”,- деди Медициналык окуу жайдын директору Мухтабар Нурманбетов. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз