Коом

Өзбекстанда өзүн өрттөөгө аракет кылган аялдын ишин прокуратура көзөмөлгө алды image

24 Фев, 2020 345

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун прокуратурасы 19-февралда көзөмөл органдын имаратынын алдында өзүнө өрт койгон Мукаддас Мустафаеванын ишин иликтөө үчүн жумушчу топ түздү.

Расмий маалыматка караганда, бул иш райондук администрациянын, прокуратуранын жана активисттердин катышуусунда, ар тараптуу иликтенүүдө.

19-февралда Кашкадарыя облусунун жашоочусу Мукаддас Мустафаева Карши шаарындагы облустук прокуратуранын имаратынын алдында өзүнө өрт койгон. Аны куткарууга аракет жасаган 60 жаштагы атасы Олим Мустафаев күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Аял жабыркаган эмес, өрт убагында өчүрүлгөн.

Мукадас Мустафаева үйүнүн сүрдүрүлүшү боюнча райондук жана облустук прокуратурага жазган арыздарга эч ким көңүл бурбагандыктан, ушундай кадамга барганын айткан.

Өзбекстанда айылдарды жаңылоо программасы элдин катуу каршылыгына кабылууда. Маселен, 14-февралда Сурхандарыя облусунда эл менен полиция кагылышкан. Ушул жылдын 21-январында ошол эле облуста үйүн коргогон аял укук коргоо органына бензин чачып өрттөөгө аракет кылган.

Ошол эле 21-январь күнү Анжиян облусунда үйүн коргоп, укук коргоо органдарынын көзүнчө өзүн өрттөгөн 31 жаштагы жаран ооруканада каза болгон.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз