Маданият

Жеңиштин 75 жылдыгы быйыл бүткүл элдик майрам катары белгиленет image

25 Фев, 2020 1178

Улуу Жеңиштин тарыхый маанисин эске алып, совет элинин эрдигине жана кайратына таазим этип, Жеңиштин 75 жылдыгы быйыл бүткүл элдик майрам катары белгиленет. 

Маалыматка караганда, Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкек шаарында аскердик жүрүш өткөрүү, Ржев шаарында кыргызстандык жоокерлердин эстелигин орнотуу пландалган. 

Мындан тышкары Ош шаарында башталып, 8-майда Бишкек шаарында жыйынтыктала турган «Жеңиш оту» марафонун уюштурууга да даярдыктар көрүлүүдө.

Гүлнур Сманбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз