Укук коргоо

Сүлүктү шаарында сабалган аялдар корголууга муктаж image

26 Фев, 2020 2772

Сүлүктү шаарында 2 аялдын сабалышы боюнча факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган эмес. Бул тууралууу аймактык оорукананын каттоо китепчеси текшерүүгө алынган учурда белгилүү болгон. 

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, учурда милиция кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш иш жүргүзүлүп, иш УКМКнын Баткен облусундагы тергөө бөлүмүнө тапшырылган. Ошондой эле Баткен облустук ички иликтөө тобу бул фактылар боюнча учурда кызматтык иликтөө жүргүзүп жатышат. Эксперттер аялдардын зомбулукка кабылуусу боюнча фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, аягына чыгышы керектигин айтышууда. 

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз