ММК

Азыркы оппозиция жумшак мамилени тескери түшүнөт (аудио) image

25 Май, 2016 2593

Дүйнөлүк гуманитардык саммит алгач ирет өтүп жатканын башкы тема кылган “Эркин тоодон” баштайлы. Саммитке 177 өлкөнүн өкүлдөрү, 65 мамлекеттин башчылары жана өкмөт жетекчилери,  алардын арасында кыргыз президентти, Германиянын канцлери, Кувейттин эмири, Азербайжандын президентти жана башкалар катышууда. Бирок Россиянын президентти Владимир Путин саммитке барган эмес, анын ордуна Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары жөнөтүлгөнү, форумга жалпысынан 5200гө жакын адам келгени туурасында маалымат менен кабардар болосуздар.

Расмий Эркин тоо “Данакер ордени достуктун далили” деген макалада Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри  менен өлкө президентти Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу туурасында жазды. Ошондой эле президенттин иш күндөлүгүндөгү дагы бир кабар  Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Райымберди Дүйшөмбиевди кабыл алган  аскердик тартипти жогорулатуу учурдун негизги маселеси деген аталыштагы маалыматка орун берди. Ошондой эле бүгүнкү Эркин Тоодон “Самурайсыңбы, же самодурсуңбу” деген Атай Алтымышевдин “Демократия  мыйзамдын диктатурасы экендигин эстен чыгарбасак” деген аталыштагы өлкөнүн туруктуулугун бузууну ойлогондор мыйзамга ылайык катуу жазага тартыларын, андайларга ырайым болбостугун эскерткен өлкө президенттинин айткандарын негиз кылып жазган макаласы да бар.

Кыргызстан “Аралды сактап калуу” фондусунан баш тартарын анткени аталган фонд айрым өлкөлөрдүн гидроэнергетикалык муктаждыктарын эске албай жатканын кабарлаган маалыматты да окуй кетиңиз. Андан ары барактасак, ушул аптада Кытайдын расмий бийлиги паракорлук менен күрөшүүнүн улуттук компаниясынын жыйынтыгын жарыялаганын, маалыматта 2000-жылдан бери же 16 жылдын ичинде 10 миң чиновник коррупцияга катыштыгы бар делип өлүм жазасына тартылганын, паракорлук бул мамлекеттин тамырына балта чабуучу адат делет деген кытайдагы акыркы жаңылыкты негиз кылып Кыргызстанда да бул багытта башталган  коррупцияга каршы күрөштүн багыты уланып жатканын айткан Жазгүл Кенжетаеванын “Мамлекеттин чөнтөгүнө кол салгандар сөзсүз жазаланашы керек,”- деген аталыштагы макаласына орун берилген. Ушул эле кабарчынын окурмандары үчүн жамгыр тууралуу дүйнө өлкөлөрүнөн  кызыктуу фактыларды жыйнаган Лондондо жаан бейшемби күнү көп  жааса, Тайландда түнкүсүн жаайт деген аталышта сунушталды. 

Көк түтүндүн, насыбайдын курмандыгы болбойлу деген дагы бир фактыларга таянып даярдалган пайдалуу кеңешке көз жүгүртүңүз. Профессор, композитор, Муратбек Бегалиевдин кыргыздын атактуу бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева туурасында жазган  “Сыйкырдуу бий космограммасы” деген кызыктуу эскерүү макаласы да бар окуп койсоңуз. 

Эми удаа эле Кыргыз туусуна токтойлу. Бул дагы “Мамилени өзгөртүүчү саммит" деген аталышта  биздин президент катышып жаткан Стамбулдагы дүйнөлүк гуманитардык форумдан баштады.

Кыргыз туусу пресс бурчу бул жолу Польшада коммунизмди пропагандалоого тыюу салынганын бул өлкөнүн президенти дал ушундай жарлыкка кол койгонун, Тажикстанда түбөлүктүү бийлик түптөлгөнүн,Тайванда алгачкы президент айым расмий дайындалганын кабарлады. Жергиликтүү жаңылыктар: союз учурун эске салган Нарындын Жерге- Тал айылындагы көчмө кыркын туурасында, антибиотиктерге абдан туруштук бере алчу  супербактерия илдетин алдын албаса, 2050-жылдан тарта жыл сайын 10 млндой киши каза таба башташы, бул рак илдетинен көз жумгандардын санына да алда  канча ашып түшөрүн, нааразы болом деп айыпка жыгылышкан Алматыдагы митинг туруасында жазылган кабарлар тизилген.  Көз жүгүртүп коюңуз.  

Реформанын үзүрүнөн куш кабар: коррупциядан 4 млрд.4млн сом үнөмдөлгөнүн маалымдаган Кыргызстандагы мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендер  электрондук түрдө өткөрүлгөнү, бул электрондук сатып алуулардан табылган пайда экендигин айткан макала да бар. Укуктук нигилизм үстөмдүк кылганда  кыргыздын илгертен келе аткан уруусу күч болсо, ээсин доого жыгат деген принцип иштей баштайт деп чарбалык талаш туурасында жазылган “Чубактын кунунан да ашкан чуу” деген макалага орун берилди. Бул макаладан Балыкчы акционердик коомунун жамааты менен Балык чарба департаментинин директору болуп иштеген Догдурбек Догойчиевдин ортосундагы араздашуулар туурасында тааныша аласыздар.

Тарых жана маданият жылына арналган Көчмөндөрдүн боз үйү жана көөнө кытай акыны Бо-Цзюй-И деген аталыштагы жана улуттук дүйнө таанымыбызды, түпкү маданиятыбызды калыбына келтирүүнүн учуру келип турат деген эки макаланы окуй аласыз.

Эми бүгүн жарык көрчү Фабуланы карайлы. Башкы Прокуратура саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу дары-дармек жана медициналык техника департаментинин кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду деген аталышта жаңы санын басты.  

Үч жылдан бери биометрикалык маалыматтарды чогултуу, электрондук маалыматтык базага өтүү, биометрикалык паспорттоштуруу жараяндары менен чуркап жүргөн Тайырбек Сарпашевди колдоого алуу керек экендигине ынансак болот. Антпесек, азыр техниканын заманы өкмөт  менен тең жарыша шылуундардын да айла-амалдары жаңыланып жатканын эске салсак, абал оор бойдон калышы толук мүмкүн. Кылмышкери да, качкыны да кайран кыргыздын паспортуна оңой эле ээ болуп дүйнө кезип жүрө бергени өлкөнүн кадыр баркына жана коопсуздугуна чоң коркунуч жаратып жатканы турган иш деп жазган Фабула пресстин   “Жасалма  паспорттор сыртта жасалган” деген баш макала орун алды. Ушул эле алгачкы беттен: “эшеги суудан өткөндө элди унутту” деген  Өмүрбек Бабанов туурасында, “Рахмон өмүр бою бийликте калат” дегенди, “Кыргызалтын кыйрады”, “Бокоевдин демилгеси туурабы?”, “Кадыркулов түшпөс ханбы” дегенди жана Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Нарымбаев Коркмазовдун сотуна барып сүйлөгөнүн сүрөттөгөн “сиркеси суу көтөрбөй зирпилдеп” деген аталышта орун алган майда кабарлар бар.  Ушул эле жерде “Аргынбекте ар деле жок экен” деген министрлик кызматтан кеткен Малабаев туурасында да жазылган. Бүгүнкү сандан Үсөн Касыбековдун “Ломго каршы лом гана туруштук бере алат” деген аталышта көлөмдүү макаласын окуй аласыздар. Анда белгиленгендей акыркы кезде президент Атамбаевдин оппозициялык күчтөр менен НПОчуларга кечиримдүүлүк менен мамиле жасашы, акыл-эске чакыруу, уяткаруу менен чектелип келе жатканынан натыйжа чыгып жарытып жибербегенине көзү жетип калды. Кой-ай дегенине алар түшүнбөйт окшойт, жумшак мамилени алар тескери түшүнөт тура деген азыркы оппозиция жана аттары аталган  айрым НПОчулар туурасында ой толгогон. Андан ары “Өкмөт эмне кылып берет дегенден  алыс болсок”- деп профессор Айылчы Сарбаев кенен маек курган. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз