Дүйнө жаңылыктары

The New York Times: Мирзиёев Трампка «Регистандын» 2950 долларлык үлгүсүн белек кылган image

26 Фев, 2020 253

АКШнын федералдык реестри 2018-жылы өлкө президенти Дональд Трампка, жубайы Меланияга жана мамлекеттик катчы Майк Помпеого башка мамлекеттердин башчылары берген белектердин тизмесин жарыялады.

The New York Times басылмасынын маалыматына караганда, 2018-жылы Трамп менен анын үй-бүлөсү чет өлкөлүк мамлекет башчылардан жалпысынан 88 420 долларга бааланган белек алышкан.

Алардын арасында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев берген белектер да көрсөтүлгөн. Алсак, өзбек лидери Трампка Самарканддагы «Регистан» комплексинин 2950 долларлык көчүрмөсүн, жубайы Меланияга 2400 долларлык кездеме белек кылган. Мындан тышкары мамлекеттик катчы Майк Помпеого 1580 долларлык жыгачтан жасалган үстөл жана отургучтар топтомун берген.

Мирзиёевдин белеги Путиндин Трампка берген белегинен дээрлик эки эсе кымбат. Орусиянын президенти ошол эле жылы америкалык кесиптешине 12 күмүш тыйын белек кылган. Ал 1500 долларга бааланган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз