Маданият

Эриш-аркак жылы: Кыргызстан - Россия алакасы бекемделүүдө image

27 Фев, 2020 2663

27-февралда Москвада Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин катышуусунда өтөт. 

Иш чарага Кыргызстан тараптан 200дөн ашык маданият кызматкерлери катышып, алар түрдүү жанрдагы чыгармаларды Россиянын өнөрпоздору менен биргеликте аткарышары күтүлүүдө. Мамлекет башчысынын иш-сапарынын алкагында эки тараптуу жолугушуулар да болоору пландалган. Жалпысынан Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстанда жана Россияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө бир катар иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Гүлнур Сманбекова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз