Саясат

Мухамедиулы өзүнүн сөздөрү үчүн кечирим сурады image

25 Май, 2016 2460

Кыргыз мигранттарына шек келтирген казак министри Арыстанбек Мухамедиулы өзүнүн сөздөрү үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу “Новости Казакстана”  сайты  Казакстандын маданият жана спорт боюнча вице-министри Галым Ахмедьяровдун билдиргенине таянып жазып чыкты. Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы  Москвада  кыргыз мигранттарынын  ажаткана  жууп жүргөнүн көрүп боору ооруй тургандыгын  айтып чыккан эле.  Министрдин бул сөзү бир эле кыргызстандыктарды  эмес, Казакстандын жарандарынын  кескин сынына кабылган.  24-майда  республиканын тышкы иштер министрлигинде жолугушуу болуп, Кыргызстандагы Казактандын элчилигинин кичи элчиси Ербол Ахметовго каршылык нотасын тапшырган. Бүгүн Жогорку Кеңеште казак маданият жана спорт министринин кызматтык орду каралышы казак Мажилисинде талкууланышы  керектиги  парламенттик  жыйында да айтылды.

Арыстанбек Мухамедулы  Астанада калың эл алдында сүйлөп жатып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы туурасында айтылган сөздөргө  кыргыз мигранттары  туурасындагы  темага  өтүп кеткен.  Тактап айтканда,  министр  "Москва жана бир катар шаарларды коомдук ажатканаларды биздин коңшулар болгон жаш эле кыздар тазалап жүргөнүн көрүп" боорум ооруп кетти. Айтматов  аны  өз кезегинде  чыгармаларында   айтып кеткен  экен деген.   Бул айтылган  сөз  Кыргызстандын  эмес, казак  коомчулугунун катуу талкуусун  жаратып, мисалга казак  интернет булактарында:

 -Биздин министр ушинтип айтып жатат. Эмнеге  эле биздин депутаттар, полиция кызматкерлери дагы башкалар  мынча маданияттуу экен десе. Эми түшүнүктүү болду.

 -Бул эмне деген маданият министр? Аны өкмөт мүчөсү кылып ким дайындады? Мен шок абалда калдым.

 -Маданият министри бир күндө  кантип маскарапоз болорун көрсөттү.

-Жо-жок. Бул биздин министр эмес. Тактап айтканда биздин министр, бирок биздин маданият эмес.

-Ушунчалык маданияттуу министрди токтотуп койгонго кимдин, качан  күчү жетет?

-Мен бир фирманы билем. Ал жакта казактар пол жуугуч болуп иштешет. Алардан башка дагы чет мамлекеттерден келген мигранттар эмгектенет. Бир таанышым айтты. Мен биринчи жолу  фирманы тазалагандар бар экендигин  ушул жерден көрүп турам.  

-Казактын дагы бир жолу жер каратты мынабу министр. Бул жеке маданият министринин пикири экенжигин кыргыздар түшүнүшөт деп ишенип турам.

Деген өңдүү  казак жарандырынын  комментарийлери улам жаңыланып  социалдык түйүндөргө жарыяланып чыгып, ага удаа эле Орусиядагы кыргызстандыктар дагы үн каткан.

Казакстандын маданият жана спорт министринин  кыргыз мигранттары тууралуу  пикири  анын деңгээлин көрсөттү,-деп ой бөлүшкөндөр  мындан көп. Алардын арасында  мурдагы  маданият министри  Нурлан Шакиев дагы бар. Экс-министр өз кезегинде  кыргыз-казак  маданият  күндөрүндө, абройлуу иш чараларда  мамлекеттик кызматкерлер  тарабынан эки тараптуу жылуу мамиле байкалып, эки элдин улуулугу, бийиктиги  белгиленип  турган. Азыркы маданият жана спорт министринин сөзү таңгалдырып турат дейт.

Экономикалык кыйын кырдаал  кыргыздарды  бир эле  башка мамлекеттерде  оор жумуштарды  аткартпастан чет жактарда  жогорку  деңгээлдеги  кызматтарда  иштөөсүнө  өбөлгө болууда. Казакстандын  спорт жана маданият министринин  айткандарына анчалык маани берилбей  коюушу  керектигин талдоочу  Кеңешбек  Алымбеков белгилейт.

Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттарына  жарыяланган билдирүүлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде жолугушуу болуп, Кыргызстандагы Казактандын элчилигинин кичи элчиси Ербол Ахметовго каршылык нотасын тапшырылды.

Бүгүн  парламенттин жыйынында депутат  Алманбет Шыкмаматов   орунсуз сөзү үчүн  Казакстандын маданият жана спорт министринин кызматтык орду Казак Мажилисинде каралышы керектигин  айтып чыкты. Эл өкүлүнүн айтуусунда, министрдин айткан сөзү  даректелген, саясий  ойду камтыйт. Андыктан буга Казакстандын эл өкүлдөрү дагы өз баасын бериши керек.

Казакстандын  маданият жана спорт министринин  орун басары  Галым  Ахмедьяров министр Мухамедиулынын айткандарын бир катар  жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү  башкача түшүнүп, түрдүү жоромолдошконун айтат. "Чындыгында министр бардык доордун жана элдин эң алдыңкы жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн", "Кыямат", "Ак Кеме", "Жамиля" сыяктуу чыгармаларынын философиялык маанисине көңүл бургусу келген",-  дейт вице министр.  Жана ал мындан тышкары бай тарыхы жана маданияты бар, Төлөмүш Океев, Сүймөнкүл Чокморов сыяктуу таланттарды өстүргөн кыргыз элин кең келечек жана экономикалык өнүгүү күтүп турганын баса белгилеген.министр Арыстанбек Мухамедиулы кыргыз элине урмат-сый менен мамиле кыла турганын жана аларды басынтуу жөнүндө ою болбогонун кошумчалап, министр анын айткандары туура эмес кабыл алынгандыгы үчүн кечирим сурайт", — деп айткан сөзүн Новости-Казакстан маалымат агенттиги жазып чыкты. Белгилей  кетсек, Орусиянын  федералдык миграциялык кызматы  буга чейин  Орусиянын аймагында  620 миңдей  казакстандык  эмгек  мигранттары  бар экендигин  жарыялап чыгышкан болчу.

 Г. Каражанова, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз