Коргонуу жана коопсуздук

Ташкентте Сириядагы террордук топторго кошулууну пландаган 21 киши кармалды image

27 Фев, 2020 276

Ташкент шаары жана Ташкент облусунун аймагында эл аралык террордук жана экстремисттик агымдардын идеологиялык таасириндеги топтун бети ачылды.

Өзбекстан ИИМинин маалыматына караганда, кармалгандар Ташкент жана Ташкент облусунда мыйзамсыз диний жыйындарды өткөрүүүгө, Сириядагы эл аралык террордук уюмдарды колдоп, алардын катарына кошулууга аракет жасоого шектелүүдө.

“Диний экстремисттик, сепаратисттик, фундаменталисттик же башка тыюу салынган умюдардын ишине катышуу, жетектөө жана түзүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш ишинин алкагында 24 даректе тинтүү жүрүп, 21 адам ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди.

Расмий маалыматта кармалган жарандар Сириядагы кайсы террордук топторго кошулууну пландашканы так айтылган эмес.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз