Коргонуу жана коопсуздук

ИИМ: өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандарга чара көрүлөт image Фото: KTRK/videograp

2 Март, 2020 392

Кыргызстанда абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымат таратты. Тартип сакчылары абалды курчутууга жол бербейт. Коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул боюнча ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Учурда кылмыштуулуктун алдын алууга, коомдук тартипти камсыз кылууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. ИИМ жеке жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырат.

“Ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү керек. Ички иштер органдары бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жүргүзүү жолуна бөгөт коёт. ИИМ баардыгына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарга кескин чараларды көрөт”, - деп жазылат маалыматта.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз