Экономика

Кыргызстанга ЕЭКтин Коллегия мүчөсү Г.Варданян келди image

6 Март, 2020 465

Баш калаага Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия мүчөсү Гегем Варданян келди. Жумушчу иш сапардын жүрүшүндө Экономика министрлигинде кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташып өтүүдө жаралып жаткан кырдаал талкууланды.

Белгилей кетсек, 1 жылга чукул убакыттан бери Кыргызстандын ишкерлери Казакстан аркылуу ар кандай тоскоолдуктардан улам жүк алып өтө албай, “Ак-Тилек” авто жол өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болуп келет.

Бул маселени Кыргызстан 3- мартта Дүйнөлүк соода уюмунун башкы кеңешинде да көтөрдү.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз