Дүйнө жаңылыктары

Беларустун Belavia авиакомпаниясы Ашхабадга каттамдарды токтотту image Фото: KTRK/videograp

9 Март, 2020 159

Беларустун Belavia авиакомпаниясы Ашхабадга каттамдарды токтотту. Каттамдардын токтотулушуна дүйнөдө коронавирустун жайылып жаткандыгы себеп болду.

Авиокомпаниянын башкы директорунун орун басары Игорь Чергинец "Миланга каттамдардын санын азайтып, Ашхабадга учпай калдык. Азырынча жадыбалыбызда башка өзгөрүүлөр жок", деп билдирген. Буга чейин Белавиа компаниясы Минск – Ашхабад – Минск багыты боюнча жумасына бир жолудан каттамдарды аткарып келген. Ушул тапта Ашхабаддан Минск шаарына "Түркмөн аба жолдору" авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды аткарууда.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз