ММК

Жалган маалыматтар кантип тарайт? image Фото: KTRK/videograp

9 Март, 2020 167

Коомчулукту дүрбөлөңгө түшүрүү оңой. Бул туурасында маалыматтык коопсуздук боюнча Group-IB компаниясынын адиси РИА Новости агенттигине айтып берген. 

Адистин айтымында, эл арасында чуу салгысы келгендер алгач "ишин" мектеп жана бала бакчалардагы ата-энелердин мессенджер тайпаларынан башташат. "Адатта жашы жете элек балдары бар ата-энелер санаачыл келип, дүрбөлөңгө түшөт. Мындай билдирүүлөрдү бири-бирине таратып отуруп, тез эле социалдык тармактардын деңгээлине жеткирип коет", — дейт маалыматтык коопсуздук боюнча адис. 

Ошондой эле ал фейк маалыматтарды тараткандар ар кайсы тайпаларга кошулуп аларын жана аларды аныктоо жол-жоболорун түшүндүрдү. "Мындай аккаунттар абдан активдүү болот. Экинчиден, кандай гана маалымат түшпөсүн дароо көңүл бурушат. Себеби, катардагы адам эч качан күнү-түнү интернетте отуруп, кылт эткен нерсенин баарына жооп бере албайт. Демек, ал аккаунттун артында робот же бир нече оператор иштеп жатат", — деди адис.

Ошондой эле шылуундар жалган маалымат таратарда көбүнесе атайылап бирөөнүн атын айтып, анан баштарын кошумчалады. Көрсө, алар мындай жол менен бирөө өзүнүн жакын адамына айтып жаткандай сезилсин деп, ишенимге кирүү амалын колдонушат экен.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз