Укук коргоо

Аялдарга карата зомбулукка каршы тынчтык акциясы болуп өттү image

10 Март, 2020 2379

Бүгүн, Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аялдарга карата зомбулукка каршы жана алардын укуктары үчүн тынчтык акциясы болуп өттү. Уюштуруучулардын айтымында акция 8-март күнү, Аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн митингде активисттердин кармалышына карата реакция болду.

Бир жарым сааттык убакытка созулган митингге 400гө жакын адам катышты. Митинг учурунда тартип бузуу фактылары катталган жок. Коомдук тартипти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы көзөмөлдөдү.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз