Ден соолук

Карантин маалында туура тамактануу маанилүү image Фото: KTRK/videograp

16 Март, 2020 854

Россиялык диетолог Иван Алименко карантиндегилер же үйдө отуруп иштегендер семирип кетпеш үчүн кандай тамактануусу керектигин айтып берди.

Адистин берген кеңешине ылайык, үйгө жакшы көргөн азык-түлүктү көп албаш керек. Анткени адам аны басып-туруп жей берип, кантип толуп кеткенин билбей калат. Андан көрө эмне жегенин жазып турган күндөлүк ачуу сунушталды.

“Ошондой эле, аябай ачка болбош үчүн үч саат сайын тамак ичип, аны күндөлүккө жазып, калорияны эсептеп турсаңыз эле ашыкча салмак кошпойсуз", - деди диетолог.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму басып-туруп тамак жебей, толук кандуу тамактануу керек экенин айтып, бат-баттан суу ичип турууну сунуштады.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз