Ден соолук

Коронавирустун алдын алуу боюнча кеңсе кызматкерлерине сунуш image Фото: KTRK/videograp

18 Март, 2020 1398

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жумуш орундарында курч респиратордук вирустук инфекцияларды, анын ичинде коронавирустун алдын алуу үчүн кандай эрежелерди сакташы керектигин билдирди. Ага ылайык, биринчи кезекте кеңседеги кызматкерлер колду бат-баттан жууп туруусу шарт. Ошондой эле, антисептикалык каражаттарды пайдаланганы дурус. Эшиктердин туткаларын, телефондорду, компьютердин клавиатураларын жана башка кеңсе шаймандарын ар бир эки саатта дезинфекциялоочу каражат менен сүртүп турушу зарыл. Бөлмөлөрдү тез-тезден желдетип туруу керек. Жөтөлүп, чүчкүргөндө ооз жана мурунду бир жолу колдонуучу кагаз бет аарчы менен жаап же бүгүлгөн чыканакка чүчкүрүү керек. Колдонулган бет аарчыны оозу жабыла турган таштанды чакаларга таштоо абзел. Ооруп жаткан кызматкерлер жумушка чыкпай турганы жакшы.

Ошондой эле, иш сапарга чет өлкөгө чыкпай туруу жана эл көп топтолгон жерге барбоо керек. Зарылчылыгы болбосо, үйдөн иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү сунушталган. Бул кызматкерлердин коопсуз болушуна жана иш процессин токтотпоого жардам берери белгиленет.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз