Коронавирус

Коронавирусту аныктоочу кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алынат image Фото: КТРК

25 Март, 2020 838

Республикалык штабдын тапшырмасына ылайык, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен биргеликте медициналык каражаттарын, анын ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу боюнча иштерди жүргүздү.

Бүгүн, 25-мартта, 112 500 АКШ долларына ташуу эсеби жок кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди. Жакынкы күндөрү экспресс-тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине келип түшөт. Буга чейин, Кыргызстанга 22 500 АКШ доллар суммасында ыкчам тартипте 5 миң экспресс-тест сатып алынып жеткирилген. Ал экспресс-тесттер КР Өкмөтүнүн эсебинен иш жүзүнө ашырылган

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз