Кыргызстандагы коронавирус

Коронавирус жуктурап алган Баткен районунун тургунунун абалы жакшы image

27 Март, 2020 465

Коронавирус жуктурап алган Баткен районунун Самаркандек айылынын тургунунун абалы жакшы. Аны менен байланышта болгон жакын туугандары, кошуналары дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. 

Ал эми карантиндеги бейтаптарды караган дарыгерлер баардык коргоочу каражаттар менен камсызд болгон. Бул үчүн Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун кызматташтыгынын алкагында дубанга коңшу мамлекеттен 500 даана коргоочу каражаттар алынып келинген. Формалар облустагы саламаттык сактоо кызматкерлерине жана санитардык карантиндик көзөмөл постторунда иштегендерге тапшырылган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз