Кыргызстандагы коронавирус

Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан сайт боюнча териштирүү иштери башталды image

27 Март, 2020 378

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан сайт боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталганын кабарлады. УКМКнын мониторинг жана анализинен 25-мартта «The Asia Times» маалыматтык сайты чындыка дал келбеген маалыматты жарыялап таратканы аныкталган. 

Бул сайт «Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду» деген аталышта жалган маалымат таркатып, эл арасына дүрбөлң салган-дейт УКМКнын билдирүүсүндө. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын ирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз