Кыргызстандагы коронавирус

Үй карантинине алынган жарандар эрежени бузса, жоопко тартылат image

30 Март, 2020 353

Үй карантинине алынган жарандар эрежени бузса, жоопко тартылат. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, карантиндеги жарандарды онлайн режимде көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүктөр бар.

"Үй карантинине алынган адамдарды онлайн режиминде карап турууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бүгүн, үй карантининде жаткан адамдын жүрүү схемасын карасак, 24 саат тынбагандай ой калтырат. Азыр мыйзамдарга өзгөртүү кирүүдө. Бүгүнкү мыйзамдарда да бар. Атайын айып пулдар каралган. Штабтан чечим кабыл алдык, үй карантининдеги жарандар көчөгө чыкса, аларга мыйзам чегинде чараларды көрөбүз", - деп белгиледи Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз