Талас областына караштуу Кара-Буура районунда коронавирус илдетине каршы жогорку деңгээлдеги иш аракеттер жүрүүдө. Аталган районго тыштан келген жарандарды дыкат текшеришип, тийиштүү анализдер алынды. Бул тууралуу ktrk.kg сайтына Кара-Буура РИИБдин башчысынын орун басары Орозбек уулу Элзарбек кабарлады. Анын билдиргенине караганда, 30-мартта Бейшеке айыл өкмөтүндө жашаган, сырттан келген 3 жаран обсерваторияга киргизилди.
"Жалпы 166 адамдан коронавируска анализ алынды. Анын жыйынтыгы толук чыга элек. Биздин райондо 136 адам үй карантининде. Обсерваториядан 27 адам чыгарылды, 36 жаран жатат", - Орозбек уулу Элзарбек.