Ден соолук

29 жаштагы келин төрөттөн каза тапты (аудио) image

30 Май, 2016 2018

Нарын районунун Куланак айылында 29 жаштагы келин төрөттөн каза тапты. Бул окуяга келиндин жакындары аймактык дарыгерлерди күнөөлөп жатат. Келиндин өлүмүнө байланыштуу облусттук үй-бүлөлүк медицина борборунда өткөргөн жыйналышта ишине шалаакылык мамиле кылды деген негиз менен Куланак айылындагы аймактык оорукананын үч кызматкери иштен айдалды. Бул маселе Кыргызстанда жыл сайын кайталанат.Коомдо пикирлер да ар кандай талкууну жаратууда. Бул багытта  Бишкек шаарынын башкы врач гинекологу Раиса Асылбашова менен маек курдук. Аны аудио аркылуу укса болот. 

Маектешкен Таалайгүл Чабдарова болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз