Экономика

Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн кызматкерлерине өткөрмө кагаздары керек болот image

29 Апр, 2020 403

“Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн кызматкерлерине өткөрмө кагаздары керек болот, алар 1312.tunduk.kg порталы аркылуу бекитилген тартипте комендатурадан берилет. Бул күндөрү комендатурага ири жүктөм туура келерин түшүнүп турабыз, ошондуктан электрондук форматта тариздөөгө керек болгон тизмелерди бизнес ассоциациядан сураш үчүн атайын мамлекеттик органдарды ишке тарттык. Ошондой эле комендатуранын операторлорунун ишин күчөтүүгө кошумча кызматкерлерди чакырдык жана, эгерде зарылдык жаралса, алар күнү-түнү иштешет”, - деп билдирди КР вице-премьер-министри Э.Асрандиев.

Уруксат берилген тизмеге кирбеген ишмердүүлүктөрдө иштегендерди билдирме жибербөөгө чакырабыз.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз