Экономика

Кыргызстанга реалдуу түрдө 120,8 млн доллар келди image

29 Апр, 2020 391

“Өлкөнүн бюджетинде кирешелик жоготуулардан улам, биз тышкы жардам катары башка жолдорду издеп жатабыз. Пандемиянын айынан чек аралар жабылды, бул бажы жана салыктар жактан биздин негизги кирешелерибизди кыскартты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга жалпы суммасы 120,8 млн долларга тышкы жардам келип түштү, бул каражат бюджеттин чыгашаларын жабууга багытталды”, - деп билдирди вице-премьер-министр Э.Асрандиев.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигине 700 миӊ доллар келген.

“Акча каражаты катары тышкы жардам жеӊилдетилген насыялар же тышкы карыздын эсебинен пайызсыз насыялар катары келүүдө. Алардын баарын кайтаруу зарыл”, - деп белгиледи Э.Асрандиев.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз